Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Каримованын абалы начар, адвокаты кайра Ташкентке келет

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 1034 | 0

Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримованын швейцариялык жактоочусу Грегуар Манжа Өзбекстанга келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

«Кийинки жума Ташкентке кайра барып, Гүлнара Каримованын Занги-Ота колониясында кармоо иштерин токтотулушуна жана жетиштүү медициналык жардам алуусуна аракет жасайм. Бул көрүнүш Өзбекстан үчүн уят болуп эсептелет, мындай абал уланбоосу керек», — дейт Грегуар Манжа.

Буга чейин, 2-июнда Грегуар Манжа Гүлнара Каримованын №21 Занги-Ота аялдар колониясында экенин билдирген болчу. Ал эми бул боюнча, Башкы прокуратура Ислам Каримовдун улуу кызынын акцияларын кайтаруу иштери жүрүп жатканын айтышкан.

Кошумчалай кетсек, жакында Гүлнара Каримованын 21-жаштагы кызы Иман Каримова Инстаграмдагы социалдык баракчасына апасына түрмөдө кыйноо аракеттери жасалып жатканын айтып, Өзбекстандагы Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратурага кайрылган арызынын көчүрмөсүн жайгаштырган.

Анын билдирүүсүнө таянсак, Гүлнара Каримованын абалы күн сайын начарлап, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөй келет. Ошондой эле, абак кызматкерлери психологиялык жактан басмырлап, денесине залал келтирген. Мындан улам, ал жогоркудай арызды эл аралык сотко жиберүүгө аргасыз экендигин айткан. Ал адам укуктары боюнча иш алып барган уюмдарды да бул ишке тартуу максатын кошумчалаган.

Ал эми бийлик органдарынын айтымында, Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова мыйзам чегинде жазасын өтөп жатат. Каримованын абалы бир калыпта, ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам чектелген эмес.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылдын декабрында 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши 2013-жылы Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Copyright © 2017 Maral FM