Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун уулу вице-президент болуп дайындалды

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 1917 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын вице-президенти болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган улуттук академия Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, ушул жылдын 31-январында түзүлгөн. Ал эми премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Топчубек Тургуналиев академиянын президенти болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM