Биз менен байланышыңыз

Топчубек Тургуналиев «Манас» жана Айтматов улуттук академиясына президент болуп дайындалды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 982 | 0

Философия илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев КР Өкмөтүнө караштуу «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Топчубек Тургуналиев өзү маалымдады.

Топчубек Тургуналиев буга чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Манас таануу институтун жетектеп келген.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, «Манас жана Айтматов» Кыргыз улуттук академиясы ушул жылдын 31-январында түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM