Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин элди чогултканын коомдук ишмерлер сынга алышты

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 563 | 0

Бүгүн Бишкекте бир катар саясатчылар, экс-депутаттар, коомдук ишмерлер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги болуп жаткан окуялар тууралуу жыйын курду.

Экс-депутат Кубанычбек Кадыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөсү жок болсо, мыйзамдын чегинде жооп берсин деген пикирин айтты.

«Кой-Таштагы ак сарайына элден жеген акчасы менен элди сатып алып отурат. Бул адамдык сапатка жатпайт!», — дейт экс-депутат.

Атамбаевдин мындай кадамдарын сынга алган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев болсо өлкөдөгү аксакалдар чогулуп, мурдагы президенттин кемчиликтерин, туура эмес иштерин өзүнө айтууну көздөгөнүн билдирет

«Өлкөдөгү аксакалдар чогулуп айтууну ойлоп көрдүк. Бирок ал укпайт го? Байлыкка, бийликке кирип кеткен адам Атамбаевдей болуп калат», — дейт Топчубек Тургуналиев.

Атамбаевге арналган нааразычылык жыйынга ЖКнын мурдагы депутаттары, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, КСДПнын төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кубанычбек Кадыров, Замир Эралиев, Нурбубу Кененбаева катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM