Биз менен байланышыңыз

«Манас» жана Айтматов академиясы: Тургуналиев туура дайындалдыбы?

Билим-маданият | 18 Июн 2019 | 920 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү боюнча» Жарлыгы ушул жылдын 31- январында жарыяланган. Ал эми түзүлүш максаты боюнча, «Бул мекеме  «Манас» эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын жайылтат, аны менен катар ар тараптан терең изилдейт», — деп айтылган. 17-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев академиянын президенти, ал эми Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов орун басары болуп дайындалды.

Жаңы түзүлгөн академиянын президенти Топчубек Тургуналиевдин айтымында, академия буга чейинки бийлик башындагылардын кесепетинен өтө кеч түзүлдү. Антсе да, алдыда көп пландар бар. Бирок, аларды толук аткаруу үчүн каржы маселеси жетишерлик бөлүнгөн эмес. «Маселени премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге маалымдадым, ал жакында чечилерин айтты», — дейт.

— Академиянын түзүлүүсүнүн бирден-бир себеби: «Манас» эпосунунун классикалык вариантын дүйнөлүк негизги тилдерге которуп, жайылтуу. Көркөм тасма жана балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартуу сыяктуу көп иштер бар. Кеч болсо да, академия түзүлдү. Ал эми Айтматов  жөнүндө айтсак, ал буга чейин дүйнөгө таанылган жазуучу.

Ал эми манас таануучу Жылдыз Орозобекова жалпысынан академиянын түзүлгөнү туура болгонун айтат. Бирок, «Манас» академиясы өзүнчө, Айтматов академиясы өзүнчө түзүлгөнү жакшы болмок», — дейт. Ошондой эле, мекемеде адистер жетишерлик эместигине, жетекчилик туура эмес дайындалганына тынчсызданганын жашырбайт.

— Мындай мекемеге адис жетекчи келиши керек эле. Бизде азыр көп тармактарга адис жетекчилер коюлбагандыктан, илим-билим тармагы аксап турганы элибизге бештен белгилүү. Жетекчиси да, орун басары да бул тармактан толук кабары жок адамдар болгондуктан, академиянын келечеги кандай болот, билбейм?..

Жаңы түзүлүп жаткан академия кайсы бир деңгээлде Улуттук илимдер академиясындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жасаган иштерин кайталап калат. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров билдирди. Анын айтымында, алдыда кандай иштерди аткарып, эмне жаңылыктарды  жаратат, ал — академиянын жетекчисинен көз каранды. Деген менен бул тармакта жетишерлик каражат бөлүнбөй жатканын айтат.

— Академиянын башына Топчубек Тургуналиевдин барганы туура эле болду. Анткени, бул демилгени ошол киши көтөргөн. Каржылык, кадрдык маселени да туура чечкенге көзү жетет деп ойлойм. Орун басарлыкка Элдар Айтматовдун барганы да жакшы болду. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, баары жолго түшөт, азырынча бир жактуу пикир айтышка эрте.   

Манасчы Рысбай Исаковдун пикиринде, кемчиликтери болсо да, мамлекет колунан келишинче «Манас» эпосуна жана манасчыларга кам көрүп келет. Ошондой эле, «Жаңы түзүлгөн академия жалпы манасчылардын башын бириктирген жай болсо», — дейт. Мындан тышкары, «Манас» темасына байланышкан ар кандай иштерди атайын түзүлгөн комиссиянын уруксаты менен алып барышса дурус болорун айтып, буларга токтолду:

— Манасчы катары айта турган болсом, «Манаска» байланыштуу иштердин болгону, албетте, жакшы саамалык. Ал эми, академия мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүп, буга чейинки кемчиликтерди толуктайт деген ойдомун. Эң ириде «Манас» аталыштарына көзөмөл кылуу зарыл. Андан кийин эпосту которуп жатышат, анда бурмалоолордун бар-жогун тескөө керек. 

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков былтыр 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында «Манас» жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM