Бүгүн, 17-июнда Ош шаардык төрөтканасына жаңы медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызмат билдирди.
Медициналык жабдууларды тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Есихиро Ямамуро, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо катышты.
Ооруканага жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 3 жандандыруу аппараты, 2 «Жираф» маркасынын акыркы үлгүсүндөгү инкубатор, 2 билирубиндин денгээлин аныктоочу фотолампа берилди.
Бул жабдуулар ЮНИСЕФ менен Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен «Эненин жана баланын ден соолугун бекемдөө» долбоорунун негизинде тапшырылды. Жабдуулардын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.