Орусия чоң держава катары Казакстанга абдан керек. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Euronews» каналына берген маегинде билдирди.
Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Орусиянын мамилеси тууралуу айтып жатып, Путиндин чакыруусу менен президент катары алгачкы сапары дал ушул өлкөдө болгонун белгилеген.
Ошондой эле, эки өлкө бир-бирине болгон муктаждыкты сезип турганын кошумчалаган.