Биз менен байланышыңыз

Кол тийбестиктен ажыратуу: Жыйынга Атамбаев чакырылды

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 659 | 0

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия отурумга чогулат. Эл өкүлдөрү жыйынга мурунку президент Алмазбек Атамбаевди же анын өкүлүн катышууга чакырышты.

Эске салсак, 13-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

-«Республика-Ата журт» фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

-«Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, Алмазбек Токторов;

-«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Алтынбек Жунус уулу;

-«Бир Бол» фракциясынан Бактыбек Турусбеков;

-«Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев мүчө болгон.

8-июнда мурунку президент Алмазбек Атамбаев митинг учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын дарегине сын айткан. Буга нааразы болгон эл өкүлдөрү 12-июндагы жыйынында экс-президенттин ашкере сынына баа берүү керектигин айтып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM