Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Чыгышта ШКУнун салмагы оор

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 622 | 0

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде Чыгыш өлкөлөрүндө Шанхай Кызматташтык Уюмунун салмагы оор экенин билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекеттер ШКУга кирүү боюнча эки анжы ойдо. Анткени, «Аталган уюмга мүчө мамлекеттер геосаясатта бир көз караштабы?» — деген суроо туулат.

Айрымдар ШКУну Батыштын саясатына каршы жооп берүүгө аракет кылган уюм катары таанышат. Бирок аларды да уюмга тартуу керек. Орто Азия Батыш менен Чыгыш мамлекеттерин бириктирген аянтча болушу зарыл.

«Уюм негизделген учурда башкы максат экономикалык маселе болчу. Учурда ШКУ — дискуссиялык аянтча. Анын келечеги кең. ЖККУ да учурда көп нерсени чече албайт. Анткени, саясат оор, ал комплекстүү болуп калды. Ал эми НАТОнун курамындагы мамлекеттерге АКШ үстөмдүк кылууда», — дейт Масадыков.

Эске салсак, 14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн.  Саммиттин жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясына жана мындан тышкары, 21 документке кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM