Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 17-июнда күн ачык болот

Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 548 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 17-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 11…16… күндүз: 27… 32 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 10….15….күндүз: 25…..29°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 12…17….күндүз: 28……33 °C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…11….күндүз: 19…24°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 6….11…..күндүз: 20….25°C;

17-июнда Бишкекте күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 29….31°C, түнкүсүн 14…16°C.

Copyright © 2017 Maral FM