Биз менен байланышыңыз

Баткен районунда 2 жигит сууга чөгүп каза болду

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 1454 | 0

Бүгүн, 15-июнда Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычында 2 жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын билдирүүсүнө таянып, «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, болжол менен түшкү саат 4төр чамасында Баткен шаарынын 1997-жылы туулган тургуну менен Самаркандек айылынын 1999-жылы туулган тургуну сууга түшүп жатып, чөгүп кетишкен.

Айрым божомолдорго таянсак, чөгүп бараткан шеригин куткаруу үчүн барган экинчи жигит да суудан чыкпай калган.

Copyright © 2017 Maral FM