Connect with us

Өкмөт Мариповдун Баткендеги суу каналы боюнча айтканын төгүндөдү

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 4089 | 2

Кыргыз өкмөтү премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткендеги суу каналы тууралуу айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Анда өкмөт башчы 1991-жылы кол коюлган келишимдеги суу ресурстарын бөлүштүрүүдөгү көйгөйдү айтканы жазылган.

— Аны менен бирге кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү укук талаасында жүргүзүп жатат. Баса белгилеп айтчу нерсе, Төрт-Гүл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргызстанга карайт. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскертсек, премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында «Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын баш жагы берилип кетиптир», — деген пикирин айткан болчу.

Төрт-Гүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Бүгүнкү күндө ал Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Copyright © 2017 Maral FM