Биз менен байланышыңыз

Президент расмий сапар менен Тажикстанга жөнөп кетти

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 1021 | 0

Бүгүн, 15-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматтарга ылайык, өлкө башчы Дүйшөмбү шаарында өтө турчу Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын V Саммитине катышат.

Белгилей кетсек, Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары — Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту орнотуу максатында түзүлгөн, 30га жакын өлкөнү бириктирген эл аралык кеңешме. Кеңешмени 1992-жылдын октябрь айында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 47-сессиясында демилгелеген.

Иш-чара былтыр Кытай өлкөсүндө өтүп, алар кийинки жылкы кеңешмени өткөрүүнү Тажикстан мамлекетине өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM