Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев Арал катастрофасы менен күрөшүү үчүн биригүүгө чакырды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 589 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУнун саммитинде Арал деңизинин катастрофасы менен күрөшүү үчүн бирдиктүү болууга чакырды.

Шавкат Мирзиёев дүйнөлүк деңгээлде коркунучка айланган Арал деңизи миллиондогон адамдын ден соолугуна терс таасир этип жатканын айтып, Орто Азия өлкөлөрүн экологиялык коопсуздукта өнүгүп-өсүшү үчүн биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Арал көлү Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашып, 2014-жылдан баштап, көлдүн чыгыш бөлүгү толугу менен кургап калган. Мындай кырдаал аймактардагы климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM