Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр

Кыска кабар , Саясат | 13 Мар 2021 | 2425 | 0

Буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын Өзбекстан Кыргызстанга берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.

«Кыргызстан Сох анклавына транспорт жана аба каттамын ачып берүүгө макулдугун берди. Анклав жашоочулары чек арадан ээн-эркин өтө алышат. Ал эми өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тарап тең үч айдын ичинде ишке ашыруу керектигин белгилешти.

Эске салсак, 2016-жылдын август айында Үңкүр-Тоо аймагы боюнча талаш жаралган. Анда чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон.

Copyright © 2017 Maral FM