Биз менен байланышыңыз

Токаев: ШКУнун мүмкүнчүлүгүн бекемдөө зарыл

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 402 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ)  — эң бир натыйжалуу жана абройлуу эл аралык уюм. Мындай пикирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинин кеңейтилген форматтагы отурумунда айтты.

«Жаш уюм катары ШКУ өзүнүн өнүгүүсүндө айтарлык ийгиликке жетишип, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бура алды. Биз ШКУнун мүмкүнчүлүгүн бекемдеп жана сактап калышыбыз зарыл», — деди ал.

Ал ошондой эле, Казакстан ШКУнун алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү зарыл деген пикирин ортого салды.

«Терроризм көйгөйү глобалдык түйүндө да байкалууда. Киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча чаралар талап кылынып жатат. ШКУда маалыматтык коопсуздук боюнча борбор түзүү — бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойномок», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Бишкекте ШКУ саммитинин кеңири чөйрөдөгү отуруму өтүп жатат.

Белгилей кетсек, ШКУга Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия мүчөлүк кылат.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да келген.

Copyright © 2017 Maral FM