Биз менен байланышыңыз

ШКУнун кийинки саммити 2020-жылы Челябинскиде өтөт

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 528 | 0

ШКУнун кезектеги саммити 2020-жылы Орусияда өткөрүлөт. Орусия жетекчилиги жолугушууну Челябинск шаарында уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Нурлан Аккошкаров айтты.

Ошондой эле, Аккошкаров кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаштардын орду чоң экенин белгилейт. Саммит кайда болбосун, жаштар бизди колдойт деген ишеничин билдирген. 2018-жылы Циндаодо өткөн саммитте да жаштарга көңүл бурулуп, дүйнөдөгү тынчтык үчүн чогуу күрөшүүгө басым жасалганын кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM