Биз менен байланышыңыз

Нарын: Зыянкеч чегирткеге каршы күчөтүлгөн тартипте химиялаштыруу жүрүп жатат

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 399 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа жана Нарын районундарында зыянкеч чегирткеге каршы күчөтүлгөн тартипте химиялаштыруу иши жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

13-июнга карата Нарын облусу боюнча 15 264 га жер аянтка зыянкечтерге каршы химиялык заттарды чачуу мерчемделген, бүгүнкү күндө 9185 га жерди химиялаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин атайын жабдылган 4 даана Toyota Hilux үлгүсүндөгү авто унаалары иштеп жатышат. Бул техникалардын күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 200-400 га чейин жер аянтты түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM