Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Митингде кармалгандардын саны 957ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 423 | 0

Казакстанда 9-июнда өткөн шайлоодон бери нааразычылык акциялары жүрүп келүүдө. Митингдин катышуучуларынан жалпы 957 жаран кармалган. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокуратурасынын коомду коргоо кызматынын жетекчиси Сапарбек Нурпеисов бугүнкү брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-июндан бери 957 адам кармалган. Алардын 670и админстративдик түрдө туткундалган, 115 жаранга айып пул салынса, 172 жаранга эскертүү берилген. Кийинчерээк кармалгандардын ишин кайра карап чыгып, көпчүлүгү бошотулган. Учурда камакта 180 жаран калган. Алар 6 күндөн 15 күнгө чейин жазасын өтөөрү айтылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиядагы адам укугун коргоо боюнча өкүлү Ришард Коменд президенттик шайлоо учурундагы казак бийлигинин аракетин сындап, адам укугун бузбоого чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM