Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Эл Атамбаев үчүн күйбөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 526 | 0

Эл эски саясатчылар үчүн күйбөйт. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эски саясатчылардын көпчүлүгү элди алдап жүрөт. Андыктан, коомчулук аларды колдобойт.

«Бирок бирөөнү камоо менен маселе чечилбейт. Кеп 2010-жылы түзүлгөн саясий, укуктук системанын жетишпегендиктеринде болуп жатат. Анын айынан коркок парламент, дудук өкмөт, өтүгүн төргө илген президент отурат. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да ушул эле система менен иштеп, чарбалык маселелерге аралашып жатат. Андыктан, жалгыз кишиден көйгөй чечилбейт», — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары, бардык реформа бийликтин кызыкчылыгы үчүн болорун, Ак үйдүн дежурный юристтери бар экенин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу Атамбаевдин камалуусуна эл жол бербей турганын жазып чыккан.

Жолдубаева: Алмазбек Атамбаевди камакка алууга эл жол бербейт

Copyright © 2017 Maral FM