Биз менен байланышыңыз

Орусия мигранттарга пенсия төлөп берет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 563 | 0

Орусия чет өлкөлүк жарандарга пенсия төлөп берет. Бул тууралуу РБК сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарына пенсия төлөп берүү тууралуу жобо кабыл алынды.

Бул жобо март айында иштелип чыккан. Ал ЕАЭБ мүчөлөрү кол коюп, ратификациялангандан кийин ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, ЕАЭБ 2014-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Белоруссия, Армения жана Орусия өлкөлөрү кирет.

Copyright © 2017 Maral FM