Биз менен байланышыңыз

Орусия менен АКШ мамилеси тарых боюнча эң начар абалга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 487 | 0

Орусия менен АКШ мамилеси кансыз согуш учурунан да начар абалда. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков The Wall Street басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Москва менен Вашингтон алакасы ушул убакка чейинки мамилелердин ичинен эң төмөнкү абалга жетти. Буга чейин боло турган окуянын соңу кандай экенин билсе, азыр болжолдоого да мүмкүн болбой калган.

Мамилени түзөө үчүн ишенимди бекемдеп, дипломатиялык иштерди жакшыртуу керектигин белгилейт. Орусия эки тараптуу мамиленин түптөлүшүнө ишенерин, ошентсе да «өзгөчө бир кереметти» күтпөгөнүн кошумчалады.

Рябков АКШны эки тараптуу сүйлөшүүгө аракет кылбай, өздөрү ишенген ойду гана карманууда деп айыптаган.

Copyright © 2017 Maral FM