Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Салянова инисинин башкесери менен чогуу кармалууда

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 586 | 0

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнүн бир тууган инисинин өлүмүн уюштурган адам менен бир жерде отурганы ага болгон психологиялык басым болуп эсептелет. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламент жыйынында билдирди.

— Биз мурунку кесиптешибиз, экс-баш прокурор Аида Саляновадан кабар алып келдик. Ал өзүнүн бир тууган инисинин өлүмүн уюштурган башкесер менен бир жерде отуруптур. Мунун өзү Саляновага болгон моралдык-психологиялык басым, кыйноо деп эсептейм. Экинчиден, мурунку башкы прокурорду эч качан СИЗОго камабайт. Эгерде камаганга жагдайлар болсо, Салянованы УКМКнын тергөө абагына камаш керек эле. 

Шыкмаматов парламент спикери Дастанбек Жумабековго кайрылып, Салянованын кармалышынын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну, анын укугун коргоону өтүндү.

Эске салсак, 11-июнда Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова Салянованын дарегине крим чөйрөдөгүлөр тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы бул маалыматты четке каккан.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Copyright © 2017 Maral FM