Биз менен байланышыңыз

Ош: 26 жаштагы келин төрөттөн көз жумду

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 396 | 0

Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева билдирди.

Анын айтымында, келин ооруканага 8-июнь күнү эртең менен каканак суусу жарылган абалда келген. Көз жаргандан кийин акыбалы оорлоп, эртеси көз жумган. Ымыркай 3 кг 250 грамм салмак менен төрөлүп, учурда абалы жакшы.

Окуяны атайын медициналык комиссия түзүлүп, иликтеп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM