Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Эки күндө 700 адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 598 | 0

Казакстанда эки күндө жалпы 700дөй адам кармалган. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министринин расмий өкүлү Нурдильда Ораз билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү 500дөй, 10-июнда болсо 200дөй жаран кармалган. Кармалгандардын ичинен алгачкы күнү 400, экинчи күнү 150 жаран жоопкерчиликке тартылган.

Эске салсак, Казакстанда 9-июнда президенттик шайлоо болуп өттү. Аны менен катар бул күндөрү ар кандай митинг жана нааразычылык акциялары менен коштолду.

9-июнда, Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда жүздөгөн адам эски аянтка чогулуп, шайлоонун таза өтүүсүн талап кылышты. Ушундай эле абал Алматы шаарында да катталды.

«Бойкот!», «Маскара!», «Казакстан!» деп кыйкырышып, президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган митингчилерди полиция кармап кеткен.

Казакстандын Ички иштер министрлиги шайлоого карата 7-июндан 12-июнга чейин күчөтүлгөн режимде иштей тургандыгын буга чейин билдирген болчу. Ошондой эле, аталган министрлик шайлоо учурунда нааразылык акцияларына жана митингге чыккан жарандарга чаралар көрүлө тургандыгын да эскерткен.

10-июндун кечинде 500дөй адам кармалган. Алардын арасында чет элдик журналисттер да болгон. Бул тууралуу Agence France Pressтин (AFP) журналисти Кристофер Риколтон өзүнүн Твиттердеги аккаунтуна жазып чыккан. Аны кармоочу жайга алып барганын, кийинчерээк Тышкы иштер министринин кийлигишүүсү менен кайра бошотконун билдирген.

Митинг учурунда 3 милиция кызматкери жаракат алганы айтылат.

10-июнь күнү шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаевдин жеңгени кабарланды.

Касым-Жомарт Токаев 70,76 % добуш менен шайлоодо жеңди

Ушул эле күнү кечинде, дагы 200дөй адам Коргоо кызматынын алдына чогулган. Аларды да милиция кызматкерлери кармап кеткен. Арасында төкмө акын Ринат Зайытов да болгон. Ошондой эле, митинг учурунда камерага тартып жүргөн Tengrinews.kz сайтынын журналисти милициялар тарабынан жабыркаган.

Андан соң жалпы митингчилер Ринат Зайытовду бошотуу талабын коюшуп, кайрадан чогулушкан.

Ошол эле күнү түнкү саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов бошотулуп, Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырган. Чагымчылыкка алдырбоону жана карапайым калктын жапа чегүүсүнө жол бербөөнү суранган. Андан соң эл таркап кеткен.

Чынында эле акыркы эки күндө адамдардын кармалышы Казакстандагы шайлоону ыңгайсыз абалга калтыргандай болду. Нааразычылыкка чыккандардын кармалышы боюнча добуш берүүгө көз салган ЕККУнун байкоочулары «адамдын негизги эркиндиктери чектелгенин» жарыялашты.

Президент Касым-Жомарт Токаев ММКлар менен болгон жыйында, шайлоонун таза жана ачык өтүүсү үчүн бардык аракетин жумшаганын билдирди. Токаев уюшулган митингдерге мыйзамсыз деп баа берип, милициялар тарабынан караларын кошумчалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM