Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 12-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 447 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрыкча, Ысык-Көл облусунда аба ырайы катаалдайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жаандын арты карга айлануу ыктымалы бар. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 10…15… күндүз: 21… 26 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 9….14….күндүз: 19…..24°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 11…16….күндүз: 21…26 °C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…11….күндүз: 16…21°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 5….10…..күндүз: 15….20°C

12-июнда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 23….25°C, түнкүсүн 11…13 °C

Copyright © 2017 Maral FM