Connect with us

Чүй облусуна жаңы өкүл дайындалды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 946 | 0

Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Чүй облустук администрациясынын жамаатына жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Алтынбек Намазалиев буга чейин Чүйдүн Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматында иштеген.

Өкмөттүн дагы бир буйругу менен Марс Саккараев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Чүй облусунун буга чейинки башчысы Туйгунаалы Абдраимов журналист менен болгон чырдан соң, кечээ кызматтан айдалган.

Туйгунаалы Абдраимов кызматтан алынды

Copyright © 2017 Maral FM