Биз менен байланышыңыз

Туйгунаалы Абдраимов кызматтан алынды

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 2406 | 2

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан бошотту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Абылгазиев мындай чечимди «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамынын негизинде кабыл алган.

Эске салсак, 6-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орокто чыр чыккан жерде окуя боюнча Ала-Тоо-24 каналына маалымат берип жатып, башка журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Анын себебин сураганда, журналистке кайрылып, «Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен», — деп каткырып басып кеткен.

Буга нааразылык билдирип, журналисттер өкүлчүлүктүн имаратынын алдына барып, Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Абдраимов жергиликтүү маалымат каражатына маек куруп жатып, бир ооз сөз үчүн отставкага кетпей турганын билдирген.

Өкмөт башчы буга чейин Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке жасаган мамилесине өкүнөөрүн билдирип, баа берилерин айткан эле.

2 пикир

2 пикир

  1. Азамат

    10.06.2019 19:47

    Пейлине жараша болуптур, кутурган иттей болуп калган экен. Элдин артынан тоюп жургонун эстей турган болуш керек.

  2. Азамат

    10.06.2019 19:58

    Ушуга окшошендорду жумушка койгондо дагы ит, акчага сатылган, омур бою кызматта сатып алып иштеп келген, эч нерсеге татыбаган айбан сыяктуулар, бюрократиянын аталары, эл менен иштей албагандардын жетекчи жумушка коюнун кереги жок, озунун кызына, баласына ошондой мамиле жасасын

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM