Биз менен байланышыңыз

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот кийинкиге жылышы мүмкүн

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 554 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму болбой калышы мүмкүн.

Отурумга жактоочулар келишкен жок. Мындан улам отурумду жылдыруу маселеси айтылды.

Сот Калыс-Ордо конушундагы мектептин имаратын грант аркылуу куруу иштерине байланыштуу Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишин карап жатат. Ушундай эле кылмыш иши мурунку мэр Албек Ибраимовго да козголгон.

Соттук отурумга төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбеков жарым саатка тыныгуу жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM