Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Атамбаевдин сотко келери күмөн

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 476 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-майга белгиленген сот процессине катыша албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев кечээ маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген.

Бүгүн, 6-майда 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум белгиленген.

Атамбаев сот процессине катыша аларын айткан жок. Күн сайын эртең менен ал кишинин кан басымы кескин түшүп кетип жатат. Эгер бүгүн да абалы ушундай болсо, анда сотко келбей калышы мүмкүн, — дейт адвокат.

Алмазбек Атамбаевге ондон ашык оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын бири — “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан бошотуу жана дагы бири Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши.

Copyright © 2017 Maral FM