Биз менен байланышыңыз

Бекбоев: ШКУнун саммитин уюштуруу иштерине бюджеттен бир сом да коротулган жок

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 452 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитин уюштуруу иштерине мамлекеттик бюджеттен  бир да сом коротулган жок. Мындай пикирин Президенттик Аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерине 450 млн. сом коротулган. Ошондой эле, ШКУга мүчө болгон өлкөлөр саммит өткөрүлгөн өлкөгө керектүү жардамдарды бере тургандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, Турдуназир Бекбоев Орусия тараптан техникалык жардам берилгендигин кошумчалады.

«Бизге Орусиядан «Мерседес» үлгүсүндөгү 6 брондолгон унаа, 10 автобус, 20 «Форд Мандео» үлгүсүндөгү унаа, 30 «Форд Фокс» үлгүсүндөгү унаа берилди. Саммиттен кийин бардык транспорт Президенттик Аппараттын эсебинде калат. Андан тышкары, микрофон жана башка аппаратуралар да алынып келинди» — деди.

Copyright © 2017 Maral FM