Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Бийлик калып, президент алмашты

Саясат | 10 Июн 2019 | 922 | 0

Коңшу Казакстанда эгемендүүлүк алгандан бери президенттик шайлоо алгачкы жолу Нурсултан Назарбаевсиз өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, 7 талапкердин ичинен бийликчил «Нур-Отан» партиясынан аттанган Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 70,76 % добушуна ээ болуп, жеңүүчү деп таанылган. Айрым серепчилер бул сапар шайлоо жыйынтыктарында мурдагыдай бийликчил талапкер 90 %дан ашык упай топтоп, бир эле лидер жеңбей, оппозиция да 15 % алганын белгилешүүдө. Ошентсе да, мындай көрүнүштөн улам, шайлоо таза жана демократиялуу түрдө өттү дегенден карманышат. Нурсултан Назарбаев шайлоого катышпаганы менен мындан кийин да анын саясаты, бийлиги уланарын, бир гана жергиликтүү саясат талдоочулар эмес, кыргызстандык серепчилер да божомолдошууда. Саясат таануучу Алмаз Тажыбай: «Казакстанда бийликтин транзити болду», — деп эсептейт.

— Бийликтин транзити болду деп айтсак болот. Башкача айтканда, бийлик башка бирөөнө өткөнү менен, анын артында Назарбаев турат. Эгерде ага (Нурсултан Назарбаевге) жакпай турган саясат жүрө турган болсо, аны күч менен кетирүүгө да кудурети жетет. Анын үстүнө, анын саясатын көзөмөлгө алууга, ички жана сырткы саясатка кийлигишүүгө укуктуу боло тургандай жагдайлар түзүлгөн.

Анын пикиринде, мурдагы президент өзүнүн көзөмөлүн сактап калууну мыйзамдуу түрдө жасап алган. Ушундай эле ойду эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов да айтат. Анткени, Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден берки аралыктагы саясий абалды карай турган болсок, экс-президент өзүнүн бийлигин бере элек.

— Бүгүнкү күндө 3-4 айдын ичинде Назарбаев өзүнүн бийлигин, саясатын, күчүн бере элек. Мындан кийин да бербейт. Анткени, буга чейин ага «Ардактуу сенатор» наамы берилген. Көп мүмкүнчүлүгү бар. Демек, жаңы президентте бийлик болбойт десек болот. Өзүнүн таасирин сырткы жана ички саясатта жоготпойт. Айрым саясат талдоочулар «кош бойлуу» бийлик болуп калды деп эсептешет.

Серепчилер: «Казакстан демократия жагынан Кыргызстанга караганда 30 жылдай артта», — деп эсептешет. Анткени, Кыргызстанда элдин бийликке нааразычылыгы 1995-жылдарда эле башталса, коңшу Казакстанда эми гана болуп жатат.

Ал эми дипломат Кубан Мамбеталиев: «Жаңы шайланган президент мурдагы президенттин жеке мүнөзүн гана кайталабай, азыркы алып барып жаткан саясаты менен кетсе, өлкөнүн өнүгүүсүнө жакшы шарт болмок», — дейт. Ал Казакстандагы бул кырдаалды Каримовдон кийин бийликке келген Мирзиёевдин тажрыйбасына салыштырат.

— Бийликти Назарбаев өткөрүп бергенден кийин, албетте, анын саясаты менен кетет. Бирок ал саясат да жаман саясат эмес. Тагыраагы, Казакстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен экономика жагынан алдыда. Бул жагынан алып караганда — туура жол. Бир гана өзүнүн атын шаарга ыйгарып алуу сыяктуу жактарынан алыс болушу керек. Мен Токаевдин келишин Мирзиёевдин бийликке келишине окшоштурам. Анткени, Шавкат Мирзиёев да көп жылдар бою Ислам Каримовдун жанында жүрүп, анан келбедиби, бул да ошондой. Демек, жакшы премьер-министр боло алган киши — жакшы президент да боло алат.

Айрым талдоочулар: «Кыргыз саясатындай болуп, башында ошол жолду улап, орто жолдо саясий оппонентке айлануу ыктымалы барбы?» — деген божомолду да карашууда. Көпчүлүктүн пикиринде Казакстанда мындай жагдай болушу мүмкүн эмес. Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Касым-Жомарт Токаевдин саясаттагы буга чейинки орду анчейин айтылбагандыктан, күчтүү саясатчы катары өзүн көрсөтө албай тургандыгын жергиликтүү серепчилер да белгилеп жаткандарын айтат.

— Токаевдин буга чейин күчтүү, таасирдүү саясатчы боло алгандыгы жөнүндө маалымат жокко эсе. Ошондуктан, мындан кийин да өз алдынча кетери да күмөн. Болгону Дарига Назарбаева менен жеке мамилеси жакшы болгондугун, көпчүлүк учурда Дарига Назарбаева таасир этип келерин казакстандык серепчилер да айтышууда.

Эске салсак, 19-мартта Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялагандан кийин, ордуна Касым-Жомарт Токаев келген. Андан кийин эле ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM