Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Атамбаевдин сөздөрүн угуп күлкүм келди

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 797 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митингде күлкү келерлик сөздөрдү айтканын билдирди.

«Атамбаев башында баарын кылып коюп, эми коррупция менен күрөш деген сөздү айтпай эле койсо болмок. Буга көңүл буруунун кажети жок. Андан көрө көбүрөөк иштесек, мамлекетке көбүрөөк пайда келет. Атамбаев митингде КСДПнын депутаттарына тийиштүү сын айтты», — дейт Токтошев.

Белгилей кетсек, КСДП 8-июнда «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталыштагы митинг өткөрүп, ага Атамбаев да катышкан. Ал парламентти да сынга алган. Иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынып, бийликке 5 талап коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM