Биз менен байланышыңыз

Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 514 | 0

2019-2021-жылдарга карата Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы салыктык башкаруунун дистанциялык ыкмаларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу аркылуу келечекте салыктык башкарууну жакшыртууга (таасирдүү иштеген заманбап салыктык башкарууну түзүү) жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле салык төлөөчүлөр жана салык органдары тарабынан салык мыйзамдарын так жана өз убагында аткарууну камсыздоого багытталган.

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталган:

  1. Салыктык башкарууну автоматташтыруу, салык төлөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аралыктан өз ара аракеттешүү негизин түзүү;
  2. Көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсүн түзүү;
  3. ЕАЭБде салыктык башкаруу бөлүгүндөгү интеграциялык процесстерди колдоо;
  4. Салык кызматынын ишмердигин кеңейтүү;

Аталган документти ишке ашыруу башкаруу процедураларын жеңилдетүү жана салыктык милдеттерди салык органдарынын кызмат адамы менен түз байланышсыз, электрондук түрдө аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууну камтыйт. Бул салык төлөөчүнүн бюджеттик төлөмдөр боюнча милдеттерин аткарууда убакытысын үнөмдөп, материалдык чыгымдарын кыскартууну камсыз кылат.

Ошону менен бирге, Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында каралган бардык чаралар экономиканын бейформал тармагынан көмүскө агымдарды жана жүгүртүүлөрдү чыгарууга багытталган, бул салык базасын бир кыйла кеңейтип, салыктык түшүүлөрдү өстүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM