Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевди митингдеги сөздөрүнүн негизинде жоопко тартууга болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 722 | 0

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда жасаган аракеттеринде кылмыштын белгилери көп экенин билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевге бийликти кыянаттык менен пайдалануу, узурпация боюнча кылмыш ишин ачып, жоопкерчиликке тартууга болот. Анткени, Атамбаев укуктук жактан документтерге кол койбосо да, бардык маселелерди чечкен.

«Камалган адамдардын айрымдары күнөөлүү эмес экенин өзү да айтып жатат. Демек, алар күнөөсүз болсо, анда күнөө Атамбаевде. Мындан сырткары, КСДПнын 8-июнда өткөн митингинде бир топ чакырыктар болду. Бул жагынан да Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга болот. Башкы прокуратура Атамбаевдин ушул сөздөрүндө кылмыштын белгилери бар деп аныктаса, ал күзгө жакын экс-президенттик статусунан ажырап калышы мүмкүн», — дейт Сооронкулова.

Ал буга кошумча, Атамбаевдин «Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык» дегени учкул сөз катары колдонулганын, бирок мурдагы президенттик шайлоонун алдында «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, саясатчы Өмүрбек Бабанов Оштун Он-Адыр кичирайонунда ушундай эле маанидеги сөздөрдү колдонгону үчүн ага кылмыш иши ачылганын эске салды.

«Бабановдун айткандары шайлоого тоскоолдук жаратууга шылтоо болгон. Ал эми Атамбаев импичмент тууралуу айткан адамды  каматып салды. Ошол кезде Жогорку Кеңеш өз кесиптешин коргой алган эмес. Атамбаев президент болуп турганда кандай иштеп жатканын билип турсак да, жоопкерчиликке тарта алган жокпуз. Анткени, ЖК бечел болгон», — дейт Сооронкулова.

Эске салсак, Бабановго карата «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «Расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул эки иштин акыркысы токтотулган.

Аны айыптоого 2017-жылы 28-сентябрда Он-Адырдагы жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү негиз болгон. Учурда Бабанов чет өлкөдө жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM