Биз менен байланышыңыз

БУУнун Талас облусуна жасаган жардамдары (тизме)

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 808 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык–түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Талас облусунда иш-аракеттери: мектеп окучуларын тамак-аш менен камсыздоо, кесиптик билим аркылуу кичи дыйкандарды колдоо, айылдын инфраструктурасын жана айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу, табигый кырсык коркунучтарын азайтуу, киреше алып келүү аракеттер, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу.

Япония тарабынан каржылоо:

Япониянын «Кыргыз Республикасынын айыл экономикасында аялдардын ролун жогорулатуу — III фаза» долбооруна 600,000 АКШ доллар каржылык колдоосу аркылуу, БУУ ДАТП 2018-2019 жылдардын ортосунда 2700 жакыр үй чарбаларына (14,000 адам) колдоо көрсөттү. Жалпысынан БУУ ДАТП өлкөнүн 5 облустунда 10 пилоттук айыл-өкмөттүн ичинде 53 айылда 80 долбоорлорун колдоду. Талас облусунда, БУУ ДАТП 2 пилоттук айыл-өкмөттөрүндө (Бакай-Ата жана Шадыкан) долбоорлорун ишке ашырды. Ал жерде 337 аярлуу үй-бүлөнүн (1734 адам) дараметин арттыруу жана киреше алып келүүчү иш чараларга катышып (сүттү кайра иштетүү, жашылча-жемиштердин кургатуу, парниктерде жашылча-жемиштерди өстүрүү, ветеринанрдык сабаттуулук, тигүү, чач тарач, ж.б. боюнча окутуулар) өздөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртышты. Талас облусунда БУУ ДАТП Бакыян айыл-өкмөтүндө жем, маринад жана туздалган азык-түлүктөрдү өндүрүш үчүн тамак-ашты кайра иштетүү жабдууларын орнотуп жергиликтүү аялдар тобун колдоп келет.

Шадыкан айыл-өкмөтүндөгү киреше алып келүүчү долбоорлор (наабайкана жана жашылча-жемиштерди өстүрүү)

Шадыкан айыл-өкмөтү ДАТП Япония тарабынан каржыланган иш-чараларды колдой турган максаттуу жамааттардын бири болуп саналат. Бул долбоордун алкагында Ынтымак айылындагы 36 айымдар багбанчылык иштер менен алектенип пайда көрүштү. Иш-аракеттер, табигый уруктандыруу жана күнөсканаларды туура колдонуу, жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн жаңы методдору боюнча окутууларды камтыган. Шадыкан айылынын айымдары жаңы алган билимдерин колдонуп помидор, капуста жана бадыраң сыяктуу түрдүү жашылчаларды чакан парниктерде отургузушту. Жашылча-жемиштерди өстүрүүдө жаңы методдорду үйрөнүп, алар көбүрөөк түшүм жыйноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, түшүм өздөрүнүн күндөлүк тамактануусуна жетиштүү болуп, ошондой эле түшүмдүн артканын сатып жана кышка бир бөлүгүн сактап калышат.

БУУнун ДАТП тарабынан айымдар жер-жемиш отургузуу жана жыйноочу убакытында, өз үй-бүлөсүн бага ала турган шартка ээ болуу үчүн аларга стимул катары азык-түлүк берилет.

Шадыкан айыл-өкмөтүндөгү Түйтө айылында 20 аялдан турган дагы бир топ, 2018-жылы наабайчылык жана кулинардык курстарды өттү. Ал жерден торт, таттуулар жана башка ун азыктардын коопсуздугун жана даярдоо ыкмаларын үйрөнүшкөн.

Жаңы үйрөнгөн жөндөмдөр айымдардын киреше мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртты. Бүтүрүүчүлөр чогулуп, «Түйтө Даамы» аттуу наабайкана ачышты. Эми аларда жергиликтүү дүкөндөрдөн тортторго, кекстерге, таттууларга жана нанга буйрутмалар түшүп турат.

Бакыян айыл-өкмөтүндөгү тамак-аш иштетүү цех

БУУ ДАТП жергиликтүү коомчулук лидерлери менен биргеликте Талас облусунда базар мүмкүнчүлүктөрүн баалоо иши жүргөн. Баалоонун натыйжасында ДАТП Бакыян айылында жашылча жемиштерди сактоо, тамак-ашты кайра иштетүү иштери жүрүп,  жабдуулар менен камсыз кылынды.

Бакыян айылы ар түрдү жер жемиштерге бай, атап айтканда: помидор жана калемпир, бирок, кайра иштетүү жабдуулардын жетишсиздигине байланыштуу Бакыян айылынын жашоочуларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу.

Япония тарабынан каржылоонун натыйжасында, БУУ ДАТП Бакыян айыл-өкмөтүндөгү чакан цехке 1,5 миллион сомдон ашык каражатка талап кылынган бардык технологиялык жабдууларды алып берди. Азык-түлүк коопсуздугу, кайра иштетүү технология жана гигиена талаптары боюнча окуулар ДАПТнын колдоосу менен өткөрүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке демөөрчүлөр тарабанан имараттарды ремонт кылганга жана мамлекеттик органдардан уруксат берүүчү документтерди алууга кошумча 500 000 берилди.

Кайра иштетүүчү цех 10 айылдын айымдарынан турган топту жумуш менен камсыз кылат жана өндүрүштүк сезондо эмгек муктаждыктыгына жараша көбүрөөк адамдарга жумуш бере алат. Жалпысынан, цех жабдуулары күнүнө 100-500 кг жашылча жемиштерди кайра иштеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, БУУ ДАТП цехке кызматчыларды жалдаганда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө артыкчылык берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимге кол койду.

Ошондой эле, БУУ ДАТП JICAнын «Бир айыл-бир продукт» долбоору менен биргеликте жергиликтүүлөрдүн түшүмүн сатыш үчүн маркетинг жагынан колдоо көрсөтөт жана өлкөдө ар кандай айыл-чарба азык-түлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн жардам берип жатат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп окучуларын тамакаш менен камсыздоо долбоорунун пилоттук мектеби (Маймак айыл-өкмөтүндөгү Шукурбеков мектеби)

Шүкүрбеков мектеби Талас облусунун, Кара Буура районунун Маймак айылында жайгашкан жана мектеп окучуларына ысык тамак берилген 23 мектептин бири. Япония ассоциациясы тарабынан каржылоо аркылуу Шүкүрбеков мектебине 3 700 АКШ долларга 20дан ашык жабдуулар берилген, анын ичинде суу кайнаткычтар, духовкалар, электрикалык плиталар камтылган. Бүгүнкү күнгө чейин башталгыч мектептин 60тан ашык окуучусуна сүт ботко, шорпо, экинчи тамактар, айран жана башка суусундуктар жумасына беш жолу берилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептин ашканасын ремонт кылганга жана мекеп инфраструктурасын оңдогонго 4,900 АКШ долларын бөлүп берген.

Шүкүрбеков мектебинин ашпозчулары сапаттуу азыктарды колдонуп, тоюмдуу тамак жасоону үйрөнүшкөн. Мектеп башкармалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептеги тамакты көзөмөлдөө боюнча окутууга катышышкан.

Ата-энелер жана мугалимдер бирикмеси өз ыктыяры менен мамлекеттик каражатты толуктоо үчүн айына 250 сом салым кошушат (азык-түлүккө гана).

Copyright © 2017 Maral FM