Биз менен байланышыңыз

КИТЕПКАНА- БИРИНЧИ ОКУУ ЖАЙЫМ…

Блог | 9 Июн 2019 | 1632 | 0

— Кайсыл жакта окугансыӊ,- деген суроого кыска гана БГУ, Нац, Арабай, Манас, Искусство деген жоопторду угуп жүрөбүз. Билем. Бирок башкалардан айырмаланып менин биринчи окуу жайым Касымалы Баялинов атындагы китепкана. Аны «Чернищевка» деп коюшат. Китепканада толук бир жылы өткөн окурмандар катарга кошулса болот… Мен бир жыл ушул жерде окугам. Көзүм кызарып, курсагым курулдап кыйналганыма карабай олтура берер элем. Окуган китептеримди тизмектеп жазып, ара-чолодо өзүм да ыр-пыр жазууну ушул жактан үйрөндүм. Мен студент элем, китептер мугалимдерим боло турган.

Быйыл ошол окуу жайыма баш бактым. Сагыныптырмын! Балдар менен үйдө олтурган жылдарымда «кантип кирем, кантип китеп китеп окусам экен китепканаман» деп эӊсегеним ырас. Бул жылдардарда.

Көрсө, мен жаӊылыпмын. Китепкана 10 жыл ичине өтө керемет өзгөрүптүр. Баары заманбап. Ар бир бөлүмүн балдарыма тааныштырып чыктым. Китепканам мен үчүн БАЛДАР БӨЛҮМҮН ачыптыр. Бир бөлмөгө балдарыӊды ойнотуп коюп, каалаган китептериӊди окусаӊ болот экен. Заманбап шарт. «Арада балдарын ойнотуп, китеп окугандан чарчаса, уктап калган апалар бар», — деди китепканачы кыз. Ошол күндөн бери колум бошой калса жыргап, кудуӊдап китепканама кайрадан жөнөй турган болдум. Бул жолу өзүм жалгыз эмес, балдарым менен чогуу…

Китепканага болгон ар ишенби күндөгү сапар, баларым үчүн акыл-азыгы, мен үчүн керемет эс алуу. Баса, мен балдар менен чогуу Лев Толстойдун аӊгемелерин барактап көбүн жомок кылып балдарга айтып бердим.

Китепканам… Биринчи окуу жайым… Балдарын маӊкурттуктан коргойм деген ар бир ата- энеге ушул жакшылыгымды бөлүшкүм келет. Балдар- эртеӊки келечек!

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM