Биз менен байланышыңыз

Президент: Китеп Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесинин маӊызын чагылдырат

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 564 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бет ачарына катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы кыргыз коомчулугуна 5 жыл мурда орус тилинде келген бул чыгарма саясий, маданий, философиялык мааниси терең жана глобалдуу маселелерди камтыганын белгиледи.

Окурман журту китептин авторунун — учурдун эӊ таасирдүү саясатчысынын — тарыхка, бүгүнкүгө, келечекке болгон көз карашы менен тааныша алышарын Жээнбеков белгиледи.

Си Цзиньпин ушул тапта Кытай менен Орто Азия өлкөлөрү үчүн өнүгүүнүн сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонун чыгармасында баса белгилегенин Сооронбай Жээнбеков айтып өттү.

«Мен Си Цзиньпин мырзанын «Мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, коопсуздук жана туруктуулук сыяктуу улуттук маселелерди чечүүдө Россия жана Орто Азия өлкөлөрү менен жигердүү, шайкеш иштөө менен, аймактын гармониялуу болушу үчүн талыкпай аракет жумшоого даярбыз» деген ойлорун толук колдойм.

Китеп Си Цзиньпин мырзанын «Бир алкак — бир жол» демилгесинин маӊызын жакшы чагылдырып турат», — деди мамлекет башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM