Биз менен байланышыңыз

Адвокаттар лицензия алуу үчүн сынактан өтүштү

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 712 | 0

Кечээ, 7-июнда Юстиция министрлигинде адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн талапкерлерге квалификациялык экзамен өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, экзамен тапшырууга 34 талапкер уруксат алган. Бирок экзамен учурунда алардын 22си гана келген. Мунун ичинен компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 талапкер экзаменден ийгиликтүү өткөн.

Белгилей кетсек, квалификациялык экзамен «Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкерлер үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү» тартибине ылайык, 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Талап боюнча 70 %дан жогоркусуна туура жооп берген талапкер гана квалификациялык экзаменден өттү деп эсептелинет.

Ошондой эле, экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга квалификациялык комиссиянын чечими чыккан күндөн тартып бир ай аралыгында Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна ээ деген лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкерлер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Ал эми квалификациялык экзамен тапшырууга документ тапшырып, бирок келбей калган адамга документтерин алуу боюнча жазган арызынын негизинде комиссиянын катчысы тарабынан кайтарылып берилет.

Экзаменде берилген суроолорду төмөндөн окуй аласыздар: http://minjust.gov.kg/ky/content/1141 

Copyright © 2017 Maral FM