Биз менен байланышыңыз

Жолдубаева: Чагымчылдар максатына жетпейт

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 450 | 0

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Бишкекте өтүп жаткан «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митингде чагымчылык уюштурууга аракет кылып жаткандар бар экенин, бирок алар максатына жетпей турганын билдирди.

Ал өлкөдө өнүгүү байкалбаганын айтты.

Мындан сырткары, бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди 5 жылга камап, аны коррупционер катары көрсөткөнүн белгиледи.

Митингдин жүрүшүндө Дамир Мусакеевдин тууганы, Бөкөнбаев айылынын тургуну Зууракан апа бийлик жаңылып жатканын айтты.

«Мусакеев астындагы тамагын да уруксат менен иччү. Акырында жалаа жабылып, жаманатты болду. Ал өз аракети менен жакшы деңгээлге жеткен. Мусакеевди актап берсеңер, кебетесин көрүп турасыңар го», — деп көзүнө жаш алды.

Copyright © 2017 Maral FM