Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча үн катты

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 497 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митингде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иштерин унутта калтыруу үчүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан жанданганын билдирди.

Атамбаев мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованы жакшы тааный турганын айтып, анын негизсиз күнөөлөнүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, дарыгерлердин Батукаев рак менен жабыркап, аз күндүк өмүрү калганы боюнча чыгарган тыянагына ишенгенин маалымдады.

Мындан сырткары, жансакчысы Дамир Мусакеев күнөөсүз камалганын, бийлик Матраимовдор менен тойлоп жүргөнүн жана Жээнбековдордун кландык башкаруусун сынга алып, УКМК өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун кландарынын кызыкчылыгы үчүн иштеп калганын айтып өттү.

Экс-президент өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бир кезде Атамбаевдин жакын досу болгондуктан, Ош шаарын жетектеп турганын да белгиледи. Жээнбековду татыктуу кызматкер деп өкмөт башчылыкка, президенттик аппаратка кызматка тартканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM