Биз менен байланышыңыз

Бишкекте митинг башталды. Анда акча таратылбайт

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 436 | 0

Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» атту митинги башталды. КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева митингде акча таратылбай турганын айтты.

Ал митингге экс-президент Алмазбек Атамбев, партиянын мүчөлөрү, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, саясий партиялардын мүчөлөрү чакырылганын белгиледи.

«Бийликке тоскоолдук жаратуунун кереги жок. Биз да Кыргызстандын жаранбыз, айтууга укугубуз бар. Коррупция менен реалдуу күрөшүүнү талап кылышыбыз керек. Биз эркин Кыргызстандын уул-кыздарыбыз», — дейт Жолдубаева.

Митингге Атамбаев да келип, биринчи катардан орун алды. Жанында эл өкүлдөрү Анвар Артыков, Асел Кодуранова да жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM