Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө 765 миллион адам 15 жашка чейин никеге турган

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 584 | 0

Дүйнө жүзүндө жалпы 115 миллион эркек өспүрүмдөр никеге катталышкан. Алардын 23 миллиону 15 жашка чейинкилер. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду билдирди.

Маалыматка караганда, эркек балдар арасында эрте никеге туруу 82 өлкөдө катталган. Аларга, Латын Америка, Африка материгиндеги өлкөлөрү кирет.

Жашы жете элек балдардын үйлөнүүсү боюнча Борбордук Африка Республикасы алдыңкы орунда турат. Аталган өлкөдөгү эркек балдардын 28 пайызы 18ге толбой никеге турушат. Экинчи орунда – Никарагуа, үчүнчү орунда – Мадагаскар турат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, жашы жетпей никеге турган балдардын жалпы саны 765 миллионду түзөт. Алардын көпчүлүгү кыздар болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM