Биз менен байланышыңыз

«Айчүрөк» соода борбору тараптан өрт чыкты

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 473 | 0

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборуна караштуу жаңыдан курулуп жаткан имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматы билдирди.

Окуя бүгүн түнү болгон. Өрткө каршы кызмат түнкү саат 2де өрттү толук өчүргөн. Бактыга жараша кырсыктан жапа чеккендер болгон эмес.

Маалыматка ылайык, өрт жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатында орнотулган темир будкадан чыккан.

Учурда келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM