Биз менен байланышыңыз

«Үзгүлтүксүз көзөмөл болбосо, жаңжал көп болмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2019 | 514 | 0

Сокулук районунун акиминин орун басары Улан Садалиев «Марал» радиосуна берген маегинде Орок айылынын тургундарын ынтымакка чакырып, элди элдештирген аксакалдарга ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, ар бир маселенин айылдык деңгээлде чечилиши — ынтымактын белгиси. Сокулук алдыңкы райондорго кирет жана көп улуттуу аймак болгондуктан, ар дайым түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

«Сокулук районунда алдын-ала жумуштар, үзгүлтүксүз көзөмөл болбогондо, чыр-чатак мындан да көп болуп кетмек. Кандай маселе жаралбасын айыл өкмөт башчылар аксакалдар, жарандар менен бирге чечип жатабыз. Айт намазы бүткөн соң эки бала урушуп кетет деп эч ким ойлогон эмес. Олуттуу коркунуч бар аймактарга камера орнотуу маселесин көтөрүп жатабыз. Негизинен ынтымак арасында иш жүрүп жатат. Орок айылында да башка жерлердегидей маселелер бар. Бул айылдан 6 жаран Жергиликтүү Кеңешке депутат болуп шайланган. Алардын үчөө кыргыз, үчөө түрк улутунун өкүлдөрү», — дейт Садалиев.

Ал Ороктогу чыр боюнча козголгон кылмыш иштин жыйынтыгы менен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө компенсация төлөп берүү маселеси каралышы керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен бир нече үйдүн терезеси талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM