Биз менен байланышыңыз

Орок айылынын тургундары мунасага келишти

Коом | 6 Июн 2019 | 695 | 0

5-июнда Сокулук районуна караштуу Орок айылында жаштар арасында мушташ чыккан. Маалыматтарга караганда, эртең менен үч бала уруша кетип, экөө бирөөнү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү 23 жаштагы жана 15 жаштагы жарандар убактылуу кармоочу жайга  киргизилген. Андан соң жабыркаган баланын жакындары нааразычылык көрсөтүп, мыйзамга каршы аракеттерге барган. Бүгүн 6-июнда айылдагы чыр-чатакты чечүү боюнча аксакалдардын жыйыны өттү.

Орок айылында 5-июндагы мушташтан улам кармалган 32-жарандын 31и ыкчам-тергөө жана алдын алуу, түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулган. Айылдын тургундары окуяга байланыштуу бүгүн да чогулуп, чырга шектүү катары саналып жаткан Жергиликтүү Кеңештин депутаты Кылыч Боркоевдин бошотулуусун талап кылышты.

— Ушунча элди чогултпай эле, Кылычты үй-бүлөсүнө жөнөтүп коюшса, биз келбейт болчубуз. Азыр 100 болсок, бир сааттан соң 1000 болобуз. Ошол керекпи? Канчалык эрте бошотсо, ошончолук жакшы.

Чогулгандардын дагы бир талабы айылдык Кеңештин депутаты Аличо Алиев депутаттык мандатын тапшыруусу керек. Ал эми депутат кандай маселе болбосун, сабырдуулук менен чечүүгө чакырып, өзүнөн каталык кетсе, кечирүүнү суранды.

— Мен башка жактан келген эмесмин. Сиздер менен Орокто жашайм. Баарыңыздар мени тааныйсыздар. Менден кетсе кечирип койгула! Бул жакта көп сөздөр айтылып жатат. Келгиле, отуруп сүйлөшөлү. Арабызда туура эмес маселе болгон болсо, мен да кечирдим.

Кечээки мыйзамсыз аракеттерде 15тей үйдүн терезеси талкаланып, бир үйдүн короосундагы чөп өрттөнгөн. Биз буга байланыштуу 95 жаштагы Мердалы Алиевге микрофон сундук. Ал өзүнүн коопсуздугу үчүн үйүнөн качып чыгууга мажбур болгондугун маалымдап, бир туугандардын ортосунда мындай жагдай болгону уят экенин айтат.

— 2200 боо чөп өрттөндү. Бул деген уят да. Бул үчүн мен эмгек кылгам, эмгек! Жашым 95те. Туура эмес аракеттерди кылып жүргөн балдар бизде да, кыргыздарда да бар. Үйдө отурсам эле, кызым келип, «бир топ адам келатат», — деп, унаасына салып качып кеттик. Артыбыздан таш ыргытып, унаага тийди. Түндө үйгө келген жокпуз. Эртең менен келсек чөптү өрттөп салышыптыр. Бизге да, кыргызга да уят! 

Кыргызстандагы түрк диаспорасынын төрагасы Атамшах Дурсунов элди ынтымакка чакырып, кыргыздардын көрсөткөн жардамын ата-бабасы дайыма айтып келгенин эске салды.

— Жашым 60ка келип калды, эч качан майрамда мындай жаңжал болгон эмес. Мындай окуялар кайталанбаса дейт элем. Бул акыркысы болсун! Кыргыз элине рахмат. Аталарыбыз бизге дайыма айтып келет, убагында кыргыздар колунда болгонун бөлүшүп жегенин. Биз муну унутпайбыз.

Ал арада жыйынга келген бир нече аял чуу көтөрүп, бирок, аксакалдардын жайгаруусу менен соңунда биримдикке келишти. Ошондой эле, жыйынга катышкандар жергиликтүү тургундарды ынтымакка чакырышып, көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашышты. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Аширбаев абал боюнча мындан ары да тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн айтып, эң башкысы элдин ынтымакка келгенин белгиледи.

— Жалпы Орок айылындагы аксакалдар, жаштар кечээки кырдаалга туш болгон тургундар менен бир пикирге, ынтымакка келдик. Бугүнкү күндө тараптардын доо арыздары, бири-бирине болгон туура эмес көз караштары жок. Баары ушул аймакта ынтымак, биримдик болуусу керек деген пикирди карманышууда.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM