Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан ШКУ саммитин өткөрүүгө даяр

Коом | 6 Июн 2019 | 1757 | 0

Бишкекте өтө турчу Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине ондон ашык өлкөнүн мамлекет башчылары келет. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Берилген маалыматтар боюнча, саммиттин алкагында бир катар документтерге кол коюлуп, президенттер арасында жабык жана ачык сүйлөшүүлөр да жүрөт. Ошондой эле, маданий иш-чаралар да уюштурулуп, манасчы Жусуп Мамайдын вариантында даярдалган «Манас» операсы келген меймандар үчүн коюлат.

Бишкекте 13-14-июнь күндөрү өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине даярдык кызуу жүрүп жатат. Алынган маалыматтар боюнча, чет өлкөдөн ондон ашык президент келет. Анда өлкө башчылары менен ачык жана жабык сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар документтерге кол коюлат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жыйында билдирди.

— 13-июнда Монголиянын президенти келет. Анда 7-8 документке кол коюлары күтүлүп жатат. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин да келет деп күтүп жатабыз. Анда 20га жакын документке кол коюлат. Саммиттин алкагында бизнес форумдар өтүп, Кытайдан ири компаниялардын өкүлдөрү катышат. Учурда саммитке Кыргызстан даяр. Документтер туурасында айтсам, экономика жана айыл чарба багытындагы маселелер козголот. Мындан башкалар да бар, бирок жакындаганда маалымат таратабыз.

Ал эми саммитттин алкагында бир катар маданий иш-чаралар да орун алат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Ташпаева билдирди. Анын айтымында, көркөм сүрөт көргөзмөсү өтүп, ага 22 мамлекетин күчтүү сүрөтчүлөрү катышат. Ошондой эле, 11-12 июнда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Жусуп Мамайдын вариантында даярдалган «Манас» операсы коюларын айтып, буларга токтолду:

— 11-июнда саат 19:00дө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерине Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытайдын борбордук опера театры даярдаган «Манас» операсы коюлат. Ушул эле опера кийинки күнү жалпы шаардын тургундарына жана меймандарына көрсөтүлөт. Мындан тышкары, сүрөт көргөзмөсү өтөт. Кытайдан 15 сүрөтчүнүн келери күтүлүп жатат. Бизден 10дой сүрөтчү катышат. Аны менен катар, үч бөлүктөн турган концерт болот. Ага чет өлкөдө эмгектенген өзүбүздүн маданият кызматкерлерибиз келип катышат.

ШКУда кол коюлган документтердин артында мамлекет үчүн пайда көп болуп жатат. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. Ал Кыргызстан сыяктуу жаш өлкөлөр үчүн чоң-чоң мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп турса, бир топ тажрыйба топтой аларын айтты.

— Бизге окшогон жаш мамлекеттер үчүн саммиттер аябагандай таасир берет. Өнүгүүгө, жаңыланууга болуп көрбөгөндөй шарт түзөт. Андагы документтерге кол коюулар, чечилбей жаткан маселелердин бир калыпка келиши да өзгөчө. Болгону ошону кармап, жакшы жакка колдонушубуз керек.

Буга чейин өлкөдө өткөн мамлекеттер арасындагы жолугушуулардын жыйынтыгы экономикага кандай таасирин берип жатат? Өсүү байкалуудабы? Бул суроону ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгуловго узаттык. Анын пикиринде, ишкерлер үчүн кол коюлган документтердин негизинде өсүү байкалып жатат, бирок кээ бир маселелер көз жаздымда калып кетүүдө.

— Өлкөнүн экономикасына ШКУда буга чейин кол коюлган документтердин негизинде жакшы эле пайдасы болгон. Кайсы багытта маселелер көтөрүлүп, кол коюлса, жемишин ошол жак алат.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте 13-14-июнь күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан өлкөлөрүнүн катышуусу мерчемделүүдө. Андан сырткары, ШКУнун башкы катчысы жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору катышат. Байкоочу мамлекеттерден Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголиянын президенттери да келери күтүлүүдө. Маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстан саммитти өткөргөнгө толук даяр.

Copyright © 2017 Maral FM