Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан парламентинин төрагасы июндун аягында расмий сапар менен келет

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 497 | 0

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында эки өлкөнүн мыйзамдарын жакындаштыруу, экономикалык алака-катышты кеңейтүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алуу, мурда кабыл алынган макулдашуулардын өкмөттөр тарабынан аткарылышын көзөмөлгө алуу багытында аткара турган иштер арбын экендиги сүйлөшүлдү.

Күн тартибине коюлган соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында аймактар аралык алаканы өнүктүрүү маселеси талкууга алынып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары Өзбекстандын Анжыян, Наманган, Фергана облустары менен карым-катыш түзүп, соода мамилесин жакшыртып, биргелешкен ишканаларды түзүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.

Ошону менен бирге, жыйын жүрүшүндө туризм тармагында кызматташтыкты арттыруу, бүтүндөй Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө бирдей кирүүгө мүмкүнчүлүк берген виза режимин түзүү зарылдыгы турганы да белгиленди.

Мындан сырткары, Өзбекстан Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашевдин Кыргызстанга июнь айынын аяк ченинде расмий сапары даярдалып жатканы белгилүү болду.

Ал эми Парламенттер аралык комиссиянын кийинки жыйыны Өзбекстанда өтөрү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM