Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: МККнын негизги милдети каттоо системасын куруу

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 487 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы аймактардагы калктын жашоо-шарты, социалдык-экономикалык өнүгүшү көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын, анын ичинде кыймылсыз мүлккө, унаа каражаттарына болгон укукту, айдоочулар курамын жана жарандык абал актыларын каттоонун сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.

«Маалыматтык ресурстардын заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен тыгыз байланышына негизделген натыйжалуу каттоо-эсепке алуу системасын куруу, аны туруктуу өнүктүрүү МККнын жакынкы болочоктогу негизги милдеттеринин бири болушу керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, убакыт чыгымдарын жана коррупциялык схемаларды жоюу максатында керектөөчүлөр менен каттоо органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы байланышты азайтуу боюнча милдеттер коюлду.

 

Copyright © 2017 Maral FM