Биз менен байланышыңыз

Айдоочулук күбөлүктүн баасы эки эсе арзандайт

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 1474 | 1

Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы эки эсе арзандайт. Бул долбоорду Мамлекеттик катоо кызматы ишке ашырат. Мындай пикирин аталган кызматтын төрагасы Алмаз Мамбетов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Жаңы күбөлүктөрдүн баасы эки эсе арзан болот. Буга чейин бул иш менен жеке менчик менчик компания алектенчү, эми бул долбоорду МКК ишке ашырат», — деди Алмаз Мамбетов .

МКК төрагасы жаңы айдоочулук күбөлүктү киргизгенге чейин бул документти биринчи жолу же жаңыдан алып жаткандар үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилерин баса белгиледи.

Алмаз Мамбетов жарандардын жүгүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу жүргүзүлөрүн, ошондой эле, өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтардын жаңы түрлөрү кошумча киргизилерин маалымдады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM